Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

«Хизб ут-Тахрирдин» жергиликтүү бөлүмү билдирүү таратты


ОШ. Билдирүүдө ушул жылдын 18-февралына белгиленген “хизбутчулардын” шайлоого барбоого, өнөктүктү байкот кылууга чакырган акциясынын өтпөй калышынын себептери көрсөтүлгөн. «Биз «Хизб ут-Тахрир» диний партиясынын мүчөлөрү жергиликтүү бийликтен, күч органдарынан мыйзамдуулукту, бейкүнөө кармалгандардын ишин кайра кароону, шайлоолордун таза өтүшүн талап кылганбыз. 17-февраль күнү жергиликтүү улуттук коопсуздук, ички иштер, прокуратура кызматынын өкүлдөрү менен жолугушууда тараптар катары алар биз койгон талаптарды карап көрүүгө, ал эми биз нааразылык акциясын токтото турууга милдеттендик» деп айтылат кайрылууда. Билдирүүнүн аягында жолугушууда көрсөтүлгөн шарттар жакынкы аралыкта аткарылбай турган болсо «Хизб ут-Тахрир» уюмунун жергиликтүү бөлүмү атуулдардын нааразылык акцияларын кайрадан уланта тургандыгы айтылат. Мындай маалымат «Хизб-ут Тахрир» уюмунун маалымат кызматынын өкүлү Айбек Назаровдон алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG