Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Нарында 3 миң шайлоочу добуш бербей калышы ыктымал


НАРЫН. Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодексинин талаптарына ылайык алыскы жана жакынкы кыштоолордо жашап жатышкан шайлоочулардын добуш бериши үчүн мурункудай жеңил үкөктөр жеткирилбейт. Бирок мындай жобо жер-жерлерде кабатыр пикирлерди пайда кылууда. Маселен, облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиевдин билдирүүсү боюнча Теңиртоо аймагынын алыскы жана жакынкы кыштоолорунда болжолу үч миңдин айланасындагы шайлоочу бар. Ал эми алыскы Аксай, Арпа, Каракужур сыяктуу өрөөндөрдөгү шайлоочуларга коомдук автоунааны камсыздоо жергиликтүү бийликке, асыресе айыл өкмөттөргө милдеттендирилген. Бирок Нарын райондук акимчилигинин 22-февралда өткөн коллегиясында бул райондогу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Алтымыш Мамбетисаев айыл өкмөттө коомдук автоунаанын жоктугун, кыштоолор алыс жана чачкын жайгашкандыгын, мындай талапты аткарууга чама-чарк жетпестигин ачык билдирди. Айтмакчы, Нарын районунда эле 821 шайлоочу айылдардан алыс кыштоолордо турушат.

XS
SM
MD
LG