Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Коалиция атуулдардын укугун коргоону Башкы прокуратурадан талап кылды


БИШКЕК. 22-февралда бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Акыйкатчыга кайрылуу жолдоду. Анда Бишкек шаардык кеңешинин, Ысыккөл, Нарын жана Талас облустук кеңештеринин атуулдардын митинг, жүрүш жана демонстрацияларды өткөрүүсүнө тыюу салган токтомдорунун күчүн жокко чыгаруу үчүн чара көрүүгө чакырды. Коалициянын билдирүүсү боюнча, аталган шаардык жана облустук кеңештердин токтомдору Конституцияга карама-каршы келет. Анткени, Конституциялык сот «Жөө жүрүш, жыйын, митинг жана демонстрацияларды өткөрүү» жөнүндөгү мыйзамдын 5-, 6- жана 7-беренелерин алып салуу жөнүндөгү чечим чыгаргандан кийин облус, шаардык кеңештер кабыл алган токтом Башмыйзамга каршы келет. Бишкек шаардык кеңеши чогулуш, митинг, демонстрацияларды өткөрүүгө тыюу салган токтомду өткөн жылдын 13-декабрында, облустук кеңештер февралда кабыл алышкан.

XS
SM
MD
LG