Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

Иманбаев “баары жакшы” дейт


БИШКЕК. 22-февралда «Кыргызтелекомдун» имаратында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев, президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков, Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов, ички иштер министрлигинин жана башкы прокуратуранын өкүлдөрүнүн катышуусу менен селектордук жыйын болду. Анда Сулайман Иманбаев бардык 2159 шайлоо участкалары тийиштүү жабдуулар менен камсыз болгонун, дагы бир-эки күндүн ичинде шайлоо бюллетендери жана бармака белги коюучу сырлар добуш берүү участкаларына жеткирилерин билдирди. Анын айтымында, 27-февраль күнү мамлекеттик автоматташтырылган «Шайлоо» системасына маалыматтар тынымсыз түшүп, ал саат 10.00, 13.00, 16.00 жана 20.00 жарыяланат. Добуш берүүгө 600дөн ашык эларалык, 15 миңдей жергиликтүү байкоочулар көз салмакчы. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мааалымат кызматынан кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG