Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Жусуп Бакиевдин колдоочулары митингге чыгышты


ЖАЛАЛАБАТ. Митингге айрым маалыматтар боюнча беш жүзгө жакын, облустук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсү боюнча үч жүз шайлоочу катышты. Жусуп Бакиевдин штабына 22-февралда милиционерлер түшүндүрмөсүз эле келишип, компьютерди алып кетүүгө аракеттенген. Чогулгандар ага абдан нааразы болушту. Депутаттыкка талапкер Ж.Бакиев бул иш чараны жогортон келген саясий заказ катары баалап, Аксы окуясы да эртеңкини көрө билбеген жетекчилердин айынан болгонун эскерди: - Аксы окуясы жок жерден чыккан. Ага бийлик кызматкерлеринин алысты көрө билбегени себеп болгон. Ошонун кесепетин эки жылдан бери арылта албай жатабыз.

Бийликтин өкүлү Өмүрбек Эгембердиев талапкердин штабындагы компьютерден беш жүз сомдук акча жасалган болушу ыктымал деген божомол бар деп, ал окуя үчүн буга чейин Өзбекстандын атуулу Акмал Тураханов аттуу адам шектелип, камакка алгангандыгын билдирди: –Тураханов Акмал Кучкарович 1984-жылы туулган, өзү Өзбекстандын Анжиян облусунан болот. Аны кармаганда жанынан компьютердик диск таптык. Дискте беш жүз сомдук купюралардын белгилери жүрөт. Ага чейин дагы мунун үстүнөн жашыруун байкоо салынган.

Шайлоочу Жоро Зулпукаровдун ою боюнча ишти атайын комиссия иликтесе болмок:

– Адилеттик жок. Мындай иштердин эмне кереги бар эле, жөн эле бир комиссиясы менен келип текшерип койсо болмок.

Шайлоочулар компьютерди шайлоо бүткөндөн кийин алып кетүүнү, азырынча эки тараптан өкүл коюп, аны кайтарууну сунуш кылышты. Ички иштер башкармалыгы мындай сунушту кабыл алгандан кийин митингге чыккандар таркап кетишти.

XS
SM
MD
LG