Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Кочкорлуктар жол тосту


НАРЫН. 21-февралда Кочкор райондук соту талапкерлер Акылбек Жапаров менен Бейшенбек Болотбековду шайлоодон четтеткен чечим кабыл алган.

Буга нааразы болгон он миңге жакын адам 22-февралда Кочкор-Бишкек жолун бууп, жолго боз үй тигип алышты. Эл соттун чечими Турдакун Усубалиевдин аракетинен улам кабыл алынды деп болжоп жатышат.

Эки талапкер чогулган эл менен жолугушуп, өздөрүнүн саясий өнөктүктөн мыйзамсыз четтетилгендигин айтышты. Кочкор районунун Жаңыжол айылына кире беришке жерде миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышты. Алар талапкер Акылбек Жапаровду шайлоодон четтетилгендигине каршылык билдиришти.

Жапаров шайлоодон четтеттүү себеби тууралуу буларды билдирди:

- Бийлик Кочкор району боюнча бир эле "атты чапканбыз", ошол "атты" чаба беребиз дешет. Андан башка себеп жок.

Анын айтымында, адвокаттары райондук соттун чечимин жокко чыгаруу максатында апелляциялык арыз берүүгө аракеттенүүдө.

Башка бир талапкер Бейшенбек Болотбековдун талапкерлиги түнкү саат он экиге он беш мүнөт калганда алынып салынган. Арасында жаштардан тарта жетимиштеги абышка, кемпирлерге чейин чогулган эл 27-февралда шайлоону өткөрбөйбүз деп билдиришти.

Эл Кочкор райондук сотунун жетекчисин үйүнөн да, ишинен да таба алышкан жок. Ал эми облус губернатору Ш.Медетбеков бул окуяны талапкерлердин ортосундагы талаш деп баалап, маселени жол тосуу менен чечүү мыйзамсыз экендигин "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.

XS
SM
MD
LG