Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Түптүктөр түп көтөрүлдү


БИШКЕК. 22-февралда №71 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Садыр Жапаровдун 2 миңге чукул жактоочусу Түп-Каракол, Каракол-Бишкек автожолун тосуп, көчөнүн ортосуна чатыр тигишти. Мындай маалымат бейөкмөт уюмдар коалициясынын өкүлү Максат Мукамбетовдон телефон аркылуу алынды. Анын айтымында, эл талапкерди тизмеге кайра кошууну талап кылышты. Анткени, 21-февралда округдук шайлоо комиссиясы төрт адамдын «талапкер акча менен аракка добуш сатып алууга аракеттенип жатат» деген арызынын негизинде аны шайлоо өнөктүгүнөн четтетип салган болчу. Буга нааразы болгон шайлоочулар Бишкекке чейин жөө жүрүшкө чыгууга камданып жатышкандыгын С.Жапаровдун ишенимдүү адамы Алмагүл Бейшенбаева 21-февралда Борбордук шайлоо комиссиясына жана маалымат каражаттарына жолдогон катында кабарлаган. Катта Жапаровго каршы шайлоочулардын арыз жазуусун президент Аскар Акаевдин балдызы, талапкер Үкөн Исаева уюштурду жана териштирүү маалында арыз жазгандардын экөө издөөдө жүргөндүгү аныкталды деп айтылган. Андан тышкары катта Түп райондук прокуратура, милиция, сот органдары жана округдук комиссия президенттин балдызы Үкөн Исаеванын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат, буга шайлоочулар нааразы деп айтылган.

XS
SM
MD
LG