Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

НААРАЗЫ ШАЙЛООЧУЛАР КОЧКОРДО ЭЛ АРАЛЫК КАН ЖОЛДУ БУУДУ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек 22-февралда Кочкор районунда 3 миңге жакын адам (айрым кабарларда – 1,5 миң менен 5 миңдин ортосунда) Бишкек-Торугарт жолун тосуп, нааразычылык чарасын баштады. Алардын койгон талаптары ушул райондон Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болуп ат салышып жаткан депутат, социал-демократ Акылбек Жапаров менен ишкер, Нарын облусунун мурдагы акими Бейшенбек Болотбековдун сот өкүмү аркылуу шайлоодон четтетилиши болду. Ал эми Нарын облусунун азыркы губернатору Шамшыбек Медетбеков кырдаал көзөмөлгө алынып, калайыкка түшүндүрмө иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Өлкөнүн Ысыккөл, Жалалабат аймактарында да нааразылык чаралары өтүүдө.

Кочкордогу окуя тууралуу кабар жетээри менен биз окуя болуп жаткан жерге телефон аркылуу кайрылып, кан жолдогу нааразычылык иш-чаранын башкы себебин айтып берүүсүн өтүнүп, депутат Акылбек Жапаровго суроо узаттык.

- Биз, талапкер Бейшен Болотбеков менен чогуу, бири-бирибизге арыз-дообуз жок деп айтканбыз. Ага карабай, жумгалдык бир-эки аял Бейшен Болотбековдун байкоочусу катары мага каршы арыз жазып, ал эми өздөрүн менин кызыкчылыгымды жактоочулар катары көрсөткөн башка эки аял ага каршы арыз жазып, айтор, алардын арызын шылтоо кылып, экөөбүздүн талапкердигибизди алып коюшту.

Жок дегенде арыз жазгандардын биринин да паспортун сурап коюшкан жок (сотто). Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын мага айтымында, арыз жазган кишилер бул райондо жашабайт экен, андай кишилер жок экен. Ошого карабай эле, сот терс чечим чыгарды. Мага сот «мен сизди аябай эле сыйлайм, бирок өйдө жактан айтышты» деди.


Нарын облусунун акими (губернатору) Шамшыбек Медетбеков “Азаттык” үналгысынын кабарчысы менен бүгүнкү баарлашуусунда Кочкордогу кырдаал учурда жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлгө алынып жатканын белгилеп, көп сандаган кишилер Бишкек-Торугарт-Кашкар багытындагы кан жолго чогулгандыгы тууралуу кабарды тастыктады:

- Ал жерде жашагандар кан жолду жаап салышыптыр. Бизде Бишкек-Торугарт эл аралык кан жолу бар эмеспи. Ошол жол боюна эки боз үй тигип, азыркы кезде бир жарым миңден ашык киши топтолду деп мага айтышты. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ал эми нааразычылык иш-чарага чыккан Кочкор жана Жумгал районунун тургундарынын бири өздөрүнүн нааразылык чарасынын мүдөөсү тууралуу “Азаттыкка” мындай деди.

- Элдин бир гана талабы бар – ушул балдарга бут тоспой, аларды да шайлоого жиберишсе, эл – тараза, эл ылгап алат эле (шайлоодо)!

Депутат, Социал-демократиялык партиянын өкүлү Акылбек Жапаров болсо жогорку сот бийлигине кайрылып, өзү адилетсиз деп санаган бул чечимди жокко чыгартуу үчүн кам көрүп жатканын айтты.

Нааразылык чаралары Кыргызстандын башка айрым аймактарында да жүргүзүлүүдө. Ысыккөлдүн Тоң жана Түп райондорунда, Жалалабат аймагында да оппозициячыл талапкерлерге кысым жасоону токтотуу, аларды шайлоодон четтетпөө талаптары менен жыйындар өткөрүлүп, кан жолду бууп тосуу аракеттери жасалууда.

Таласта да кечээ ири митинг болуп, анын катышуучуларынын мындай иш-чарасы оппозициячыл талапкерлердин биринин шайлоого катышуу укугун сактап калууга огожо болгону кабардалууда.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо алдыдагы жекшембиде (27-февралда) жүргүзүлөт.


(Сүрөттө - Бишкекте 19-февралда бир катар оппозициячыл уюмдар жана саясий топтор өткөргөн жыйындан көрүнүш. «Азаттыктын» архивинен.)

XS
SM
MD
LG