Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:05

Шейшембиде Брюсселде НАТО- Украина комиссиясынын жогорку деңгээлдеги жыйыны өтүп, ага уюмга кирген 26 өлкөнүн лидерлери жана президент Виктор Ющенко катышты. Мунун алдында Брюсселде Евробиримдик менен Украина аракеттенүү планын кабыл алышкан эле. Алдыдагы үч жылга эсептелген документ Украинадагы саясий жана экономикалык реформалар үчүн негиз түзөт. Ал эми Украинанын Евробиримдикке мүчөлүк маселеси боюнча тараптар азырынча сөз кылышкан жок.

Украин президенти Виктор Ющенко НАТО-Украина комиссиясынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө европалык структураларга кошулуу мындан ары анын өлкөсүнүн саясатынын өзөгүн түзөрүн айтты:

- Европалык жана евроатлантикалык структураларга интеграциялануу мындан ары биздин саясаттын стратегиясын жана тактикасын аныктайт. Биз демократиялык өлкөлөрдүн евроатлантикалык коомуна Украинанын аралашуусу, бүткүл европалык континенттеги тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдейт деп ишенебиз. Бул асыл максатты ишке ашыруу үчүн бүткүл күч –аракетти жумшоого даярбыз.

НАТОнун башкатчысы Яаап де Хооп Схеффер болсо өз кезегинде Түндүк-атлантикалык альянс Украинага колдоо көргөзөрүн убада кылууда. Ал Брюсселдеги пресс-конференцияда украин президентине кайрылып, мындай деди:

- НАТО Сиз менен иштөөгө, сизди колдоого жана жаркын келечекти курууда сизге жардам берүүгө даяр. Өнөктөштөрдүн баары Украина менен ар тараптуу, прогрессивдүү жана бекем алакада болууга дилгир.

Украинанын жаңы бийлигине саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүдө колдоо көргөзүүнү Евробиримдик да убада кылууда. Тараптар Брюсселде кол койгон, "аракеттенүү планы" делген документ ушул максатты көздөйт. Аракеттенүү планынын кабыл алынышы тараптар азыркы учурду майнаптуу пайдаланып, татаал маселелерди кийинки күнгө калтырууну макулдашканын көргөзгөнсүдү.

Евробиримдиктин азыркы төрагасы, Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Асселборндун билдиргенине караганда, алар тарабынан президент Виктор Ющенконун администрациясы баштаган "саясий жана экономикалык программалардын амбициялуу планын" колдоо уюмга кошулуу тартибинин эмес, коңшулук саясаттын алкагында көргөзүлөт:

- Евробиримдик Украинаны бул өз тарыхындагы чечүүчү, чыныгы чечүүчү учурда колдоо жөнүндөгү милдеттемесин баса көргөздү. Биз Евробиримдик менен Украинанын аракеттенүү планын Европанын коңшулук саясатынын чегинде кабыл алдык. Планды ишке ашыруу тезинен башталышы керек.

Жан Асселборн жана европалык башка расмий өкүлдөр документке кол коюу аземи учурунда Украинанын Евробиримдикке мүчөлүгүнүн мөөнөтүнө байланыштуу эч нерсе айтышкан жок. Евробиримдик тигиндей же мындай деп ушул үч жылга эсептелген план кандай ишке ашырылганын көргөн соң гана айта аларын күн мурунтан эле ачык ишара кылган болчу.

Ал эми президент Виктор Ющенко жана Украинанын башка расмий адамдары соңку апталарда Евробиримдик менен мүчөлүк маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоонун алар үмүт арткан мөөнөтү катары 2007- жылды атап жатышкан.

Документке Украина тараптан кол койгон вице-премьер министр Олег Рыбачуктун пикиринде, эгер Украина ушул үч жылдын аралыгында өзүн көрсөтө алса, ага конкреттүү сунуштар берилиши мүмкүн.

Дипломаттардын айтымында, Украинанын Евробиримдикке мүчөлүгү жөнүндөгү идея уюмдун курамындагы 25 өлкөнүн арасында анчалык деле популярдуу эмес. Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин ушул дүйшөмбүдөгү жыйынынын декларациясында бул тууралуу атайын белгилөөнү Венгрия, Польша жана Литва гана жактап, бирок уюмдун башка мүчөлөрү арасынан колдоо тапкан жок.

Декларацияда Евробиримдик Украинанын Европага кошулуу мүдөөсүн тааныры жана мындай тандоосун кубаттары айтылган. Евробиримдикте жогорудагыдай аныктама маселе ачык калтырылып жаткан кезде колдонулат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG