Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:00

СОТТОР ЭЛДИ КӨЧӨГӨ АЛЫП ЧЫКТЫ


Бири-бири менен соттошкон талапкерлер арбып баратат. Акыркы күндөрү соттор кабыл алган чечимдер нааразылык акцияларын жаратууда. Айрым талдоочулар соттор элди ыңкылапка түртүшү ыктымал дешет.

Бакайата райондук соту 21-февралда кечинде добуш сатып алуу фактысы боюнча доо арыздын негизинде Равшан Жээнбековдун ишин карады. Сот болуп жаткан имараттын тышында талапкердин 3 миң чамалаш жактоочусу турду. Ошону эске алдыбы, айтор, сот Жээнбековду талапкер катары калтырды.

Бирок башка айрым райондордун соттору шайлоочулардын көчөгө чыгышына түрткү берген чечимдерди кабыл алышты. Атап айтканда, Тоң шайлоо округунан Арслан Малиевди, Кочкор шайлоо округунан Акылбек Жапаровду, Бейшенбек Болотбековду, Курманбек Байтерековду, Сузак-Базаркоргон округунан Азамжан Ырсалиевди, Түп райондук шайлоо округунан Садыр Жапаровду үгүт учурунда мыйзам бузду деп аларды соттор талапкердик укуктан ажыратты.

Ушул фактыларга байланыштуу Түптө, Тоңдо, Кочкордо, Базаркоргондо жарыштан четтетилген талапкерлердин жактоочулары жол тосуп, нааразылык акцияларын уюштурушуп, шайлоодон четтетилгендерге талапкердик укукту кайтарып берүү талабын коюп жатышат. Акциянын уюштуруучулары соттук териштирүүлөргө жергиликтүү бийлик киришип жатат деп эсептешет.

Маселен, Түп райондук сотунун чечими менен талапкердиктен четтетилген Өмүрбек Бөлтүрүковдун айтымында соттук териштирүүлөр башаламандыкты шарттап жатат:

- Үчүнчү күч да бар экен. Акүйгө шылтоолоп коюп, өз алдынча райондук, облустук бийликтер өз кишилерин түртүп атат.

Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева жергиликтүү бийлик шайлоого киришип атат деген пикирге кошулган жок. Анын пикиринде, соттук териштирүүлөр атаандаштардын көптүгүнөн пайда болууда:

- Эми эл өз каалаганын шайласын мыйзам ченеминде, мыйзамды бузбаш керек болчу. Талапкерлер бири-бирине жазат. Эми ага биз күнөөлүү эмеспиз да. Бирөө сот кылат. Бирөөнү алат.

Нааразылык акцияларын өткөрүү мыйзамда таасир көрсөтүү катары бааланаарын ушул эле күнү өткөн маалымат жыйынында башкы прокурордун орун басары Учкун Каримов билдирди. Анын айтымында мыйзам боюнча нааразы болгондор маселени сот аркылуу чечиши керек:

- Мыйзам боюнча митинг өткөрүүнүн эч нерсеси жок. Бирок өзүнүн эрежелери бар. Жол тосуп, коомдук тартипти бузса, ал туура эмес. Митинг – бул өзүнчө таасир көрсөтүү болуп калат деп ойлойм.

Анткен менен, оппозициячыл саясатчылар парламенттик шайлоого байланышкан акыркы күндөрдөгү соттук териштирүүлөрдү, аларга байланышкан нааразылык акцияларын ырасмий бийликтин күнөөсү катары баалап жатышат, кокус жагдай ушул калыбында өнүгө берсе эл толкуп кетиши ыктымал дешет. Маселен, Кыргызстан элдик кыймылынын курамындагы «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Токоевдин пикири мындай:

- Эл толкуп кетсе бийлик аны баса албайт. Кырдаал курчушу мүмкүн. Себеби, эки күнкү окуянын өзү биздин мамлекетте демократияга, алга умтулууга эмес, тескерисинче, Аскар Акаев шайлоону демократиялуу өткөрөбүз деп убада кылган нерсени аткарууга белсенип киришип барып, кайра тарткандай болду.

Ал эми айрым байкоочулар сот – бийлик өзүнө ыңгайсыз талапкерлерди жарыштан чыгарып салууга пайдаланчу курал дешет. Мындай пикирди «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев да колдойт:

- Парламентке бийлик колдогон талапкерлер - алар үйбүлөнүн мүчөлөрү, премьер министрдин, ар кайсы чоңдордун балдары, туугандары катышып атпайбы - ошолор өтүш керек. Анан парламенттик көпчүлүктү түзүп, анан баягы эле биз болжоп аткан нерсени кылганы жатышат. Референдум, Конституцияны өзгөртүү сыяктуу…
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG