Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Иран атом куралын түзүүнү көздөбөйт


Ошол эле учурда АКШнын кысымына моюн сунуп, жайчылык максаттарга арналган программасынан баш тартканга да ниет кылбайт. Бул тууралуу Индиянын борборунда Иран тышкы иштер министри Камал Харрази билдирди. Тегерандын атомдук программасы, Харразинин айтымында, Иран менен АКШнын ортосунда талкуулана турган маселе эмес, же баш тартканы үчүн байге ала турган иш эмес. Негизги маселе – кооптонууларды четтетип, Иран атом куралын жасоону көздөбөй турганына ишендирүүдө турат. Проблеманы ушул өңүттөн гана талкуулоо керек, деп айтты Иран министри. Харрази Индияда визит менен жүрөт.

XS
SM
MD
LG