Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

АКШнын жана Украинанын президенттери жолугушту


Жорж Буш кечээги сөзүндө жаңы президент Виктор Ющенконун өкмөтү реформаларды жүргүзсө Украина евроатлантика жамаатына мүчө боло аларын айткан эле. Президент Виктор Ющенко НАТО жана Евросоюз менен тыгыз кызматташууга жетишүүнү Украинанын тышкы саясатынын түйүндүү багыты деп атады. Ющенконун айтымында, евроатлантикалык коомчулукка Украина кошулса жалпы континенттеги бейпилдик жана коопсуздук чыңдалат. Ал эми Россия, Ющенконун айтымында, Украинанын стратегиялык өнөктөшү бойдон калат. Альянска кирбеген өлкөлөрдөн украин президенти гана НАТОнун бүгүнкү саммитине чакырылган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG