Жер титирөөнүн чордону Керман провинциясындагы Заранд шаарында катталды. Кыркка чукул кыштак кыйрады, кырсыктан курман болгондор саны акыркы маалыматтарда 300дөн ашканы айтылат. Нөшөрлөгөн жамгыр куткаруу иштерине жолтоо болууда. 2003-жылы ушул эле региондогу жер титирөөдөн байыркы Бам шаары кыйрап, 26 миңдей кишинин өмүрү кыйылган эле.