Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕР КОНСТИТУЦИЯГА КАРШЫ ТОКТОМ КАБЫЛ АЛЫП ЖАТЫШАТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек «Азаттыктан» мурда кабарлангандай, мындан бир нече күн илгери Бишкек шаардык кеңеши жарандардын эркин жыйналып, митинг, чогулуш, демонстрация, жөө жүрүш өткөрүүсүн чектеген токтом кабыл алган. Андан көп өтпөй ушундай эле мазмундагы токтомду Ысыккөл, Талас, Нарын областтык кеңештери кабыл алды. Ал эми жарандык коомдун өкүлдөрү шаардык, областык кеңештердин мындай чечимдери өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келээрин айтышып, алардын токтомун сотко бермекчи болуп жатышат.

Кыргызстандын Башмыйзамынын он алтынчы беренесинин он төртүнчү пунктунда өлкө атуулдары аткаруу бийлигине кабарлап коюп эле куралсыз тынч чогулуп, чогулуш, митинг, жөө жүрүш, демонстрация жана пикет өткөрүүгө укуктуу деп жазылган.

Ага карабай “Атуулдардын тынч чогулуп, митинг, демонстрацияларды куралсыз өткөрүү тууралуу” мыйзамга нааразылык акциясына чыгуу үчүн жергиликтүү бийликке жазуу түрүндө кабарлап коюу эрежеси киргизилген. Аталган мыйзамдын жогорудагыдай беренесин 2004-жылдын 14-октябрында Конституциялык сот өлкөнүн Башмыйзамына каршы келээрин айтып жокко чыгарган.

Конституциялык соттун мындай чечимин өлкөдөгү бейөкмөт, саясий партия жана коомдук уюмдар колдошуп, сүйүнүү менен кабыл алышкан. Көп өтпөй Бишкек шаардык кеңеши жарандардын тынч чогулуп, митинг, жыйналыш өткөрүүсүн чектеген токтом кабыл алды. Шаардык кеңеш өз токтомунда атуулдар белгилүү убакта белгиленген жерде гана өздөрүнүн максаты тууралуу күн мурунтадан жергиликтүү бийликке кабарлап коюп нааразылык акциясына чыгуусу көрсөтүлгөн.

Ушундай эле токтомду Бишкек шаардык кеңешинен соң Талас, Ысыккөл, Нарын областтык кеңештери кабыл алды. Ал эми жарандык коомдун өкүлдөрү мындай токтомдордун мыйзамсыз экендигин айтышат:

- Эч убакта мындай токтомдорго баш ийбеш керек. Анткени өлкөдөгү бардык мыйзам актыларынан Конституция жогору турат. Аны эч ким буза албайт. Ошон үчүн Конституциялык сот Жогорку Кеңештин мыйзамынын беш-алты беренесин жокко чыгарган. Ошондуктан Бишкек шаардык кеңеши баш болуп кабыл алган токтомдор мыйзамсыз,- дейт «Жарандык коом коррупцияга каршы»
бейөкмөт уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова.

Ал эми «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын башчысы Эдил Байсаловдун пикиринде, шаардык, областык кеңештин депутаттары мындай токтомдорду шайлоо өнөктүгү учурунда атуулдардын нааразылык ацияларын болтурбоо үчүн жогору бийликтин кийлишүүсү менен кабыл алууда:

- Мунун бары менин оюмча Акүй тарабынан кандайдыр бир нааразылык акциясы өткөрүлбөсүн деген максатта жасалууда. Бирок мындай аракеттерди акылсыздык катары баалоого болот.

Атуулдук коомдун өкүлдөрүнүн жогорудагыдай пикирине шаардык кеңеш депутаттары макул эмес. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Зоотбек Кыдыралиев мындайча пикирин билдирди:

- Бул туура эмес. Биздин кеңеште 44 депутат бар. Алардын ар биринин ою бар. Алар талкуулап туруп анан кабыл алышты да. Эч убакта жогорку бийлик өкүлдөрүнүн көрсөтмөсү болгон жок.

Ал эми Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев болсо, тартип коргоо кызматкерлери эч убакта Бишкекте кандайдыр бир мыйзам бузууларга жол бербейт дейт:

-Мен шаардык милициянын башчысы катары айтайын шаарда кандайдыр бир мыйзам бузууларга, башаламандыкка жол берилбейт. Бардыгы мыйзам түрүндө өткөрүлөт.

Буга байланыштуу «Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы мындай токтомдорго карата кандайдыр бир чара көрүү өтүнүчү менен 21-февралда Башкы прокуратурага, Омбудсменге кайрылуу жолдоду. Ал эми «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова аталган маселе боюнча буга чейин Бишкек шаардык кеңешке кайрылуу жолдогондугун айтып, алардын жообун алары менен мындай токтомду сотко бере тургандыгын маалымдады:

- Биз алардан жооп күтүп жатабыз. Бир күндөн кийин алар жооп бериш керек. Эртең акыркы күн, андан кийин аларды сотко беребиз.

Ал эми бейөкмөт уюмдардын жогорудагыдай кайрылуусунан өлкөнүн сот бийлиги кандайдыр бир чечим чыгарабы же жокпу - аны убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG