Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВДУ ШАЙЛООЧУЛАРЫ САКТАП КАЛДЫ


Машакбай Рахманкул уулу, Талас 21-февраль күнү кечинде Бакайата райондук соту депутаттыкка талапкер Равшан Жээнбековду каттоодон алып салуу боюнча бир нече шайлоочунун арызын карап, аны канааттандырган жок.

Бакайата райондук сотуна 19-февралда бир эле күнү сегиз адамдан арыз түшкөн. Алар №55 Бакайата шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Равшан Жээнбековду каттоодон алып салууну талап кылышкан. Соттук териштирүүдө үч адам Бакайата райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери экендиги, үчөө пенсионер, бир адам облустук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жана дагы бирөө отставкадагы полковник Доолбек Куттубаев экендиги анык болду. Соттук териштирүү башталаар алдында миңдеген шайлоочулар калыстыкты талап кылып, сот имаратынын астында турушту.

Тогуз саатка жакын уланган соттук териштирүүнүн жүрүшүндө арызданган алты адам Равшан Жээнбеков министр болуп турганда калкка социалдык мобилизациялоо боюнча көрсөткөн жардамын добуштарды сатып алуу аракети деп баалоону талап кылышты.

Ушундай эле талапты областык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Мунара Дилденмуратова да койду. Анткени ал 10-февраль күнү кимдир-бирөөнүн телефон чалганына таянып, Карабуура районундагы Бакаян айылында Равшан Жээнбеков чай берип жатат деп укук коргоо органдарынын жетекчилери менен акты түзүү аракетин көргөн. Бирок ал ою ишке ашпай калгандан кийин ал өз атынан акты түзүп сотко берген.

Экинчи бир шайлоочу - пенсионер Наби Алтымышбаев өз арызында ага «Равшан Жээнбековдун адамымын» деген бирөө Боотерек айылынан жүз сом бергендигин, ал муну добуш сатып алуу аракети деп баалай турганын айткан. Арыздануучуларды жана ондогон күбөлөрдү сурап, Бакайата райондук сотунун төрагасы Болот Батыралиев төмөндөгүдөй чечим чыгарды:

- Талапкерлик каттоону алып салуу жөнүндө арызды карап сот чечим кылат: арыз ээлери №55 Бакайата шайлоо округуна жана бул чөлкөм боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер Жээнбеков Равшандын талапкерлигин каттоону алып салуу жөнүндө доо арыз канаттандыруусуз калтырылсын.

№55 Бакайата шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Равшан Жээнбековго каршы берилген жогоркудагыдай арыздарга нааразы болгон миңдеген шайлоочулар Бакайата айылынан тышкары облус борбору Талас шаарында да нааразычылык акциясына келишип, соттун чечими чыкканга чейин облустук администрациянын имаратынын алдынан кетишкен жок.

Нааразы болгон шайлоочуларды облус губернатору Искендер Айдаралиев, Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шерниязов сабырдуулукка чакырып турушту.

Чогулган эл соттун чечими кандай болгондугун Равшан Жээнбековдун өз оозунан уккандан кийин гана тарашты. Сот процесси ачык өтүп, анын жүрүшүнө «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын узак мөөнөттүү байкоочулары, укук коргоочулар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Аталган коалициянын Талас аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Арзыкан Момунтаеванын соттун чечими тууралуу пикири мындай болду:

- Бул процесс бир жылдык процестей болуп кетсе дагы мен сот Бакиров Болотко ыраазычылыгымды билдирем, себеби калыс чечип берди. Равшанды жок кылган жок.

Карыялардын атынан сотко катышкан Мавлес Таштановдун ою мындай:

- Мен 1-май айылынан келдим. Бүгүнкү сот процессине мен аксакалдар коомунун атынан катышып, соттун чечими кандай болоор экен деп турдум. Так, даана чечим чыгарганы үчүн мен сотко ыраазымын.

XS
SM
MD
LG