Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

ЖОРЖ БУШТУН БРЮССЕЛГЕ САПАРЫ АЯКТАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 20-22-февралда АКШ президенти Жорж Буш Брюсселде болуп, Европа жетекчилери менен жолугуп, Батыш өлкөлөрүнүн алдында турган негизги маселелерди талкуулады. Жолугушуулар жана жыйындар алдын ала абдан тыкан даярдалгандыктан, эч маселе боюнча бир да пикир келишпестик байкалган жок, ал эми каршы пикир пайда болушу мүмкүн маселелер боюнча кеңири талкуу өткөрүлгөн жок. Ал эми Буштун орус президенти Владимир Путинге каршы сын да айта кеткени журналисттерди таң калтырды.

АКШ жана Батыш Европа мамлекеттери ортосундагы мамилелер Иракка каршы согуш баштоо же баштабоо маселесинен бузулган.

Маселе Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде талкууланган учурда, АКШ мамлекеттик катчысы Коллин Пауэлл дебатты Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпенге уттурган жана Бириккен Улуттар согуш ачууга уруксат бербей турганын көрүп, Вашингтон согушту өз алдынча баштаган.

Франция менен Алмания АКШга каршы сын айтууну андан кийин дагы уланткан жана коргоо министри Доналд Рамсфелд аларды "эски Европа" деп атап, Вашингтондун тилин алган башка европалык мамлекеттер менен кызматташууга киришкен.

Акыркы жылдарда болсо АКШ менен Батыш Европа жетекчилери мамилени оңдоо керек деп көп айта баштады. Февралдын башында Европага жаңы мамлекеттик катчы Кондолиза Райс келип кеткенде жана эми президент Жорж Буш өзү Брюсселге келгенде дагы бардык жетекчилер - АКШ менен Европанын түпкү кызыкчылыктары жана карманган негизги баалуулуктары бир экенин билдирип, алар бир багытта аракеттениш керек экени тууралуу сүйлөштү.

Анткен менен Батыш Европа жана АКШнын бир топ маселеге болгон мамилеси ар башка. Ирактан тышкары, Вашингтон азыр Иранга карата катуу саясат жүргүзүүдө, европалык саясатчылар болсо Тегерандын өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөрүп жатат жана андай сүйлөшүүгө Вашингтон кошулаар-кошулбасы белгисиз бойдон калды.

Иранга каршы күч колдонулушу мүмкүнбү деген суроого Буш - бул күлө тургандай суроо деп жооп берип, тамаша менен кутулуп кетти. Анткен менен, Буштун айтымында, кээ бир маселелер боюнча америкалык Ак Үйгө президенттин да алы жетпейт.

Жакынкы Чыгыш же Кытай маселелери боюнча дагы Европа менен АКШ жетекчилеринин пикирлери айырмаланат, бирок алар дагы Брюсселде үстүртөн гана каралды, Иракка жардам көрсөтүү боюнча болсо Европа Биримдиги менен АКШ биргелешкен жыйын өткөрүүгө даяр экенин билдиришти.

Европа Комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозунун айтымында, Брюсселдеги саммиттен кийин мурдагы пикир келишпестиктер артта калды:

- Европа менен Америка кайра бирикти. Бул визит - Европа менен Американы бириктирген нерселерди бүткүл дүйнөгө ачык көрсөттү. Мен ишенем, АКШ менен Европа ортосудагы кызматташуу дүйнөдөгү эң күчтүү, кеңири жана маанилүү кызматташуу.

Президент Буш дагы ошондой эле сөздөрдү айтып, Европанын күчтүү болгону Вашингтондун кызыкчылыгында экенин билдирди, бирок саммиттин аягында, 22-февралда Буш Орусиянын саясатына каршы да сөз айтты жана көпчүлүк аны күткөн эмес:

- Биздин саммитте айтылган кээ бир сөздөрдү президент Путинге мен өзүм да айтам, бирок башка өлкөлөрдүн жетекчилеринен дагы ал ошону укканы өтө маанилүү. Балтик элдери тарабынан тынчсыздануулар айтылууда жана мен аны сөзсүз президент Путинге айтып, өзүнүн кээ бир акыркы чечимдерин ал эмне үчүн кабыл алганын сурайм, ал өз кошуна мамлекеттерин сыйлаш керек. Бул маселе олуттуу талкууланаарына мен ишенем.

Антип айтаардын алдында Буш Брюсселде Латвиянын президенти Вайра Вике-Фрайберга менен эки жолу жолуккан.
XS
SM
MD
LG