Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:52

БУШ МЕНЕН ПУТИНДИН ЖОЛУГУШУУСУНДА ҮМҮТ ЧОҢ


Баян Жумакадар кызы, Прага Бейшемби күнү Братиславада АКШнын президенти Жорж Буш Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Эки президенттин жолугушуусу эки өлкөнүн тышкы жана коргоо мекемелери бири- биринен шек санап, дүйнө коомчулугунун алдында сынга алган учурга туш келүүдө.

Эки лидер акыркы жолу 2003-жылы АКШ президентинин Кэмп Дэвиддеги резиденциясында жолугуп, Ирак жана Иран маселелерине байланышкан эки өлкөнүн көз караштарындагы айырмачылыктарды жойбосо да, бир топ жымсалдаганга аракеттенишкен эле.

Андан бери Америка менен Орусиянын ортосундагы пикир келишпестиктердин тизмеси узарды. "ЮКОС" мунай компаниясынын башчысы Михаил Ходорковскийдин камакка алынып, компаниянын кыйратылышы Орусияга салынып жаткан чет элдик инвестициялардын коопсуздугу жөнүндөгү маселени козгоду.

Грузияда "роза революциясынын" натыйжасында Американы колдогон Михаил Саакашвили баштаган демократтар бийликке келишти. Украинадагы "саргылжын революция" болсо Орусиянын пландарын бузуп, бийликке батышты колдогон саясатчы Виктор Юшенкону алып келди.

Орусия Сирияга ракета сатууну пландаштырып жатканын жарыялап, Американын Ооганстандагы саясатын сынга алды. Америка өз кезегинде президент Путиндин бүткүл бийликти Кремлдин колуна топтоо аракеттерин сындап чыкты.

"Деги АКШ менен Орусиянын ортосунда орток кызыкчылактар калдыбы, жэ экөөнүн 11-сентябрдагы теракттан кийин түзгөн антитеррордук коалициясы ушуну менен ыдырап, жок болобу?", –деген суроо ушундан улам жаралып отурат.

Аналиктердин көбү эки өлкөнүн орток кызыкчылыктары дагы эле бар экенин, ал кызыкчылактардын тизмесине исламдык террордук топторго каршы күрөшүүдөн баштап, Корей жарым аралында коопсуздукту камсыз кылуу жана биргелешкен энергетика долборлорун ишке ашыруу маселелерине чейинки суроолор кире турганын белгилешет.

Братиславада өтө турган саммиттин күн тартибине Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесс, өзөктүк куралдарды таркатпоо, энергиянын глобалдык резервдерин өнүктүрүүгө байланышкан маселелер койулду. Саммитте ошондой эле чакан ракеталарды сатууну көзмөлгө алуу келишимине кол койулуусу күтүлөт.

Москвадагы Саясий Изилдөөлөр Институтунун башчысы Сергей Марков эки өлкөнүн мамилелери жөнүндө буларды баяндайт:

- Менимче бул саммитте мамилелердин жакшыруусун, же тескерисинче начарлап кетүүсүн күтпөй эле койуу керек. Экинчи мөөнөткө президент болуп шайлангандан бери эки жетекчи тең мурда жүргүзүп келаткан саясатынан тайбай тургандыктарын кайталап келатышат.

Ал эми Голландиядагы "RAND Europe" институтунун аналитиги Де Шпигелайре стратегиялык кызматташуунун өзү өтө татаал нерсе экенин белгилеп, буларга токтолот:

- Менимче, биз аткарылбас нерсеге үмүт артып жатабыз. Стратегиялык кызматташтык дүйнө саясатындагы өтө татаал маселелердин бири. Буга чейин стратегиялык жактан кызматташабыз деп АКШ менен Еврошаркет да убада кылышкан. Бирок ал убаданы ишке ашыруу өтө кыйын иш болуп чыкты. Менимче, Орусия менен стратегиялык кызматташуу да дал ошондой татаал нерселердин бири",- дейт Шпигелайре.

Экинчи мөөнөткө шайлангандан бери президент Жорж Буш Американын максаты- дүйнөдө демократия менен эркиндикти колдоо экенин далай жолу кайталады.

Бирок турмуш демократия маселесине келгенде Америка кыйла "ийкемдүү" боло ала турганын көрсөтүүдө.

Шпигелайре ырасмий Вашингтон демократиянын абалы Орусияныкынан алда канча начар, бирок өзүнө жан тарткан, шерик режимдерге суук соорусун салбай, оң мамиле кылып келатат деген оюн билдирди:

- Эркиндик кеңири арымдаган ушул эле акыркы жылдарды алалы. Жеке стратегиялык максаттарды көздөгөн АКШ Пакистанда, Сауд Арабияда жана дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө болуп жаткан окуяларды көрмөксөнгө салып келатат.

Ошентип, эки тараптын пикир келишпестиктери да, орток кызыкчылактары да жетиштүү. Эки лидердин алардын кайсынысына басым жасай турганын Братиславадагы саммит көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG