Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Шайлоо комиссиясы жергиликтүү бийликти айыптаган билдирүү таратты


ОШ. №46 Ош-3000 округдук шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Абдыжапар Аккулов жергиликтүү бийлик органдары тарабынан такталып берилген шайлоочулардын тизмелерин текшерүүдө беш миңге жакын адамдын аты-жөнү табышмактуу түрдө тизмеге киргизилип калгандыгын жана тескерисинче эки миңден ашуун шайлоочунун аты-жөнү мурдагы тизмеден жок болуп кеткендиги катталгандыгын билдирди. Анын айтымында, негизги тизмеге дүйнөдөн өтүп кеткен, көрсөтүлгөн даректе жашабаган жана өздүгү толук аныкталбаган адамдардын аты-жөнү киргизилип калган. Мыйзамга ылайык шайлоочулардын тизмелерин тактап берүүгө милдеттүү болгон жергиликтүү аткаруу бийлигинин атына айтылган сынды шаар мэри Сатыбалды Чырмашев негизсиз деп баалады. Чырмашевдин пикиринде, бул маселе аталган округ боюнча атаандашып жатышкан айрым талапкерлердин кызыкчылыгындагы саясий оюн. Ош-3000 округдук шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Абдыжапар Аккуловдун айтымында, кетирилген кемчиликти өз учурунда жойбосо шайлоо учурунда чоң чыр-чатактардын чыгышына алып келиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG