Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Жалалабадда адилет шайлоо талап кылган митинг болду


ЖАЛАЛАБАД. «Эл үчүн реформа жана Аскар Акаевге отставка» коомдук кыймылынын облустук бөлүмү уюштурган митингге Жалалабад шаары менен Сузак районунан беш жүзгө жакын, ал эми облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча үч жүз адам катышты. Алар №27 Караүңкүр жана №30 Жалалабад шайлоо аймагынан депутаттыкка талапкерлер бир туугандар Курманбек жана Жусупбек Бакиевдерге бийлик жана күч органдары тоскоолдук жасоодо деп нааразы болушууда. Митингде шайлоону таза өткөрүү жана бийликти эл талаптарын аткарууга чакырыктар болду. «МСН» газетасын колдоо, адам укугун сактоо жана бийликтин оппозицияга кысым көрсөтүүсүн токтотуп, мамлекеттик сыналгы менен Жалалабад телесинен окуяларды адилет чагылдырууну талап кылган плакаттарды көтөрүшүп, шайлоо жараянындагы мыйзам бузууларды айыптап чыгышты.

XS
SM
MD
LG