Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Кочкордогу пикетчилер Торугарт-Бишкек жолун бууп турат


НАРЫН. Кочкор районунун эли Бишкекке өтчү бардык жолду тосуп, кан жолго 23-февралда алты боз үй тигишкен. Беш миңге чукул пикетчилерге район акими Тариэл Айтбаев келип жолукту. Чогулгандар сот келмейинче акимди эч кайда кетирбейбиз деп Тариэл Айтбаевди кармап турушат. Пикетчилер талапкерлер Акылбек Жапаров жана Бейшен Болотбековдун талапкерлигин кайра калыбына келтирилишин, аким жана губернатордун кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Кочкор райондук соту Алжанов жана губернатор Шамшыбек Медетбеков чогулган эл менен азырынча жолуга элек. Кочкор районунун алты айыл өкмөтүнүн башчылары чогулгандарга келишип, эл менен бирге экендигин билдиришти. Ал эми Каракечеден Бишкекке көмүр сатып келе жаткан элүүгө чукул автоунаанын шопурлары алты күндөн бери суусуз, тамак-ашсыз турушат.

XS
SM
MD
LG