Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Түптө С. Жапаровдун талапкерлиги калыбына келтирилди


БИШКЕК. Ыссыккөл облусунун Түп районундагы №71 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер Садыр Жапаровдун шайлоого талапкер катары катышуу укугу 23-февралда кечинде калыбына келтирилди. Бул жөнүндө Садыр Жапаровдун адвокаты Александр Мощин бул күнү түнкү саат 10го жакын «Азаттык» радиосуна билдирди. Анын маалыматына караганда, шаршембиде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнөн түзүлгөн атайын комиссия №71 шайлоо округунда отурум өткөрдү. Отурумда аталган округдук шайлоо комиссиясынын 21-февралдагы Садыр Жапаровду талапкерликтен чыгарган чечими жокко чыгарылды. Округдук шайлоо комиссиясы мындай чечимин талапкер Жапаров акча менен аракка добуш сатып алууга аракеттенип жатат деген төрт адамдын арызынын негизинде чыгарган.

XS
SM
MD
LG