Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:46

Казакстанда түрк жумушчулары менен кагылышта бир нече киши жараат алды


Атырау шаарында мунай тазалоочу ишканада казак жумушчулары менен түрк атуулдары, бардыгы болуп 400 чакты киши кагылышты. Чатак бир казак, бир түрк жумушчунун тирешүүсүнөн башталып, казак жумушчунун баш сөөгүнө жеңил зак кеткен. Кийин 250дөй казак жумушсу 150дөй түрк жумушчуларынын ортосунда мушташ чыкты. Айрымдардын колунда темир таяк, кирпич-таш болгону кабарланууда. Мушташ ишкананын жетекчилиги полиция чакыргандан кийин гана токтогон. Иликтөө жүрүп жатат, үч түрк атуулу камакта кала берүүдө.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG