Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

БУУ канаттуулардын сасык тумоосуна каршы күрөштү күч алдырууга чакырды


Бул сыркоодон Азияда 46 киши каза тапты. Бүгүн Вьетнамда өтүп жаткан аймактык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Дүйнөлүк Саламаттык уюмунун регионалдык директору Шигеру Оми бул оорунун жайылышынан бүт дүйнө чоң коркунучка туш келип жаткандыгын эскертти:

– Баарыбыз эске алып кое турган жагдай, канаттуунун сасык тумоо вирусу адамга да жуга баштаса, өлүмдүн жана оорулардын санынан алганда, саламаттык кесепети эбегейсиз болот. Бул коркунуч САРС же өнөгөсүз өпкө оорусунан да ашып түшөт.

Канаттуунун сасык тумоосу Азия континентинде 2003-жылдын этегинде башталган. Адам баласы аны оорулуу канаттуу менен түз байланышта болгондо жуктуруп алат, бирок эксперттер бул вирус мутацияланып, бүт дүйнөгө таркайт деп эскертип жатышат.

XS
SM
MD
LG