Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

Украина Европа Биримдигине кошулууну максат кылат


Страссбургда Европа парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Украин президенти Виктор Ющенко Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүү 2007-жылы башталат деген үмүтүн билдирди. Ал дүйшөмбүдө Европа Союзу менен кол коюлган кызматташттык планында каралган реформаларды убада кылынгандан тездетип бүтүрүүгө аракет кылаарын кошумчалады. Арийне, Ервропа парламентинин президенти Йозеф Боррел Украина менен сүйлөшүү баштоого кеминде үч жылда керек болоорун белгиледи.

Европа Союзунун тышкы иштер министрлери 327 миллион доллар карыз берүүнү камтыган аракет планын тез арада ишке ашырууга даяр экендигин билдиришти. Украина ошондой эле Европа биримдиги өлкөнүн Дүйнөлүк Соода Уюмуна кошулуу нийетин колдоп, виза режимин жеңилдетет деп үмүттөнүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG