Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

КОКУС КЫРГЫЗСТАН ӨЗГӨРСӨ, КОҢШУЛАР КАНТЕТ?


Ырасмий өкүлдөр төгүндөгөнү менен Борбор Азиянын оппозициячыл саясатчыларынын көпчүлүгү Грузия менен Украинада бийликтин алмашылышына алып келгендей окуялар бул чөлкөмдө да кайталанат деген үмүттө. Алардын айрымдары мунун биринчи мүмкүнчүлүгү катары Кыргызстанда жакындап калган парламенттик шайлоону аташууда. Бирок өкмөттөрү катаал саясат жүргүзгөн, оппозициясы чачыранды жана алсыз Борбор Азияда жогорудагыдай үмүтүн акталышы реалдуубу?

Грузия менен Украинадагыдай окуялар Борбор Азиядан оболу Кыргызстанда кайталанат деп үмүт артуунун өзү - Кыргызстан чөлкөмдүн башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу либералдуу мамлекет катары кабылданып келгенин, андыктан саясий өзгөрүүлөргө даяр экенин чагылдырган белги.

Өзбекстанда тыюу салынган "Эрк" партиясынын сүргүндөгү лидери Мухаммед Солих Кыргызстандагы шайлоону коңшулар үчүн маанилүү деп эсептейт:

- Борбор Азиянын жаңы саясий күчтөр бийликке Украина же Грузиядагыдай сыяктуу окуялар аркылуу гана келе алат. Ушул жүйөөдөн улам Кыргызстандагы шайлоолор биз үчүн олуттуу, биз ага көп үмүт артып жатабыз. Бул бүткүл Борбор Азия үчүн өрнөк болот деп күтөбүз.

Сүргүндө жашаган түркмөн саясатчысы Нурмухаммед Ханамов да Кыргызстандагы шайлоо өзгөрүүнүн белгисин алып келет деп үмүттөнөт:

-Азыркы мамлекеттик жетекчилер балким баары учурдагыдай нукта кете берсе, сөзссүз жыйынтык бирөө болот деген бүтүмгө келгендир. Мүмкүн алар демократиялык нук менен кетишет. Бирок, албетте бул күмөндүүдөй. Экинчи жагынан бул бир учкун жаратып, адамдар коркунучту жеңсе, ал Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү ушундай окуяларга да алып барышы мүмкүн.

Айтор эгер Кыргызстандагы шайлоо реформачыл күчтөрдүн жеңиши менен аяктаган күндө да, анын учкуну региондун калган өлкөлөрүнө кандай таасир бере алат деген маселеде аналитиктердин көз карашы түрдүүчө.

Маулен Ашимбаев Казакстан президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору. Ал Борбор Азия чөлкөмүнөн кандайдыр бир революциялык сценарийлерди көргөн жокмун дейт:

- Мен Кыргызстанда революциялык кырдаал жаралганына ишенбейм. Кыргызстандагы кырдаалдан Казакстанга таасири тиет деп ойлобойм. Адамдар эмне үчүн Украинадагы окуя Кыргызстанда кайталанат деп күтүп жатканын түшүнө албай турам. Украина менен Кыргызстанды салыштыруу жарабайт.

Стратегиялык изилдөөлөр институту мамлекеттик мекеме болгондуктан жогорудагы көз карашты казак өкмөтүнүн да туруму ирээтинде караса болот.

Көз карандысыз аналитиктердин арасында Борбор Азия өлкөлөрү арасындагы кырдаал бири-биринен айрымаланат. Андыктан бир өлкөдөгү окуянын экинчисине тескери таасири тийиши ыктымал деген көз карашты кармангандары да бар. Казакстандык саясий аналитик Азимбай Галинин пикиринде, Кыргызстандагы өзгөрүүлөр казак бийликтеринин оппозицияга карашы чараларын күчөтүшү мүмкүн:

- Кыргызстандын бир айрымачылыгы регионалдык элита көп жагдайда борбордук элитаны колдобойт. Бул борбордук элитанын мүмкүнчүлүгүн чектөөдө. Кыргызстандагы бийлик үчүн күрөш Казакстандын саясий элитасын бириктирет жана оппозицияга каршы чараларды күчөтөт.

Грузия менен Украинадагы ыңкылаптар бийликтин тынч жол менен алмашуусун шарттаганы белгилүү.

Тажикстандык саясий аналитик Марат Маматшаев Борбор Азияда да өзгөрүүлөр тынч жол менен ишке ашса гана башкаларга өрнөк боло аларын айтат:

-Kоңшу өлкөдө калктын өз укугун коргоп, өзгөчө кан төгүүсүз коргоп калышы биздин мамлекет үчүн өтө оң мисал болот.

Президент Аскар Акаев өткөн айда орусиялык "Независимая газета" басылмасында жарыяланган интервьюсунда "жибек ыңкылабы" дегендер Кыргызстанды граждандык согушту жаратышы мүмкүн экенин эскерткен эле.

Кыргыз оппозициясынын өкүлдөрү болсо президенттин мындай жоромолдорун шайлоочуларды коркутуу менен оппзициянын ишин дискредитациялоо аракети катары баалаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG