Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:46

Жогорку сот эки талапкерди шайлоодон алды


БИШКЕК. Жогорку сот 24-февралда №34 Кочкор шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Бейшенбек Болотбеков, Акылбек Жапаровдун апелляциялык арыздарын карап, буга чейинки райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Кочкор райондук соту Бейшенбек Болотбеков менен Акылбек Жапаров үгүт компаниясы учурунда мыйзам бузууларга жол берген деген айып менен аларды шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алган. Ушул эле күнү Акылбек Жапаров Жогорку соттун мындай чечимине нааразы экендигин билдирип, Конституциялык сотко арыз жолдой тургандыгын маалымдады. Ал эми Бейшенбек Болотбеков Жогорку соттун чечими боюнча өз оюн журналисттерге билдирүүдөн баш тартты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG