Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

ЖЕКШЕМБИ КҮНҮ ТАЖИКСТАНДА ПАРЛАМЕНТКЕ ШАЙЛОО ӨТӨТ


Төрөкул Дооров , Прага Ушул жекшембиде Тажикстанда парламентке шайлоо өтөт. Тажикстан 1990-жылдардагы атуулдук согушту баштан кечиргенден бери парламенттик шайлоо экинчи жолу болгону турат. Байкоочулардын ишениминде, шайлоонун жыйынтыгы өлкө акыркы жылдарда демократиянын алкагында канчалык ийгиликтерди жараткандыгын аныктайт. Эксперттердин көпчүлүгү бул шайлоодо мамлекеттин башчысы Имомали Рахмонов жетектеген Тажикстан Элдеринин Демократиялык Партиясы жеңишти колго алат деп болжоп жатышат.

Жекшемби күнү, 27-февралда, Тажикстандагы 3 млн.дон көбүрөөк шайлоочу өз өлкөсүнүн парламентинин мыйзам чыгаруу жыйынына, же Намойодгон Мажилиске, татыктуу деп эсептеген талапкерлерди депутаттыкка тандап алат.

Мажилис Намойодгондогу 63 орун үчүн саясий партиялар жана 227 талапкер ат салышууда.

63 депутаттык орундун кырк бирине бир мандаттуу округдардын депутаттары келишет, ал эми жыйырма экиси партиялар ортосунда бөлүнүп алынат.

Азырынча парламенттин мыйзам чыгаруу жыйынындагы орундардын 65%ын тажик президенти Имомали Рахмонов жетектеген Тажикстан элдеринин демократиялык партиясы ээлейт. Байкоочулардын баамында, жекшембидеги шайлоодо да аталган партия көпчүлүк орунду алышы мүмкүн.

Тажикстандык саясий аналитик Ибрахим Усмоновдун айтымында, бул жолку шайлоонун жыйынтыгы кандай болоорун дал ушул партиянын аракеттери чечет.

- Элдердин демократиялык партиясы башка партияларга добуш алууга канчалык мүмкүнчүлүк берсе, алар ошончолук добушка ээ болушат.

Ушул айдын башында өлкөдөгү негизги алты партия шайлоо өнөктүгү учурунда бири-бирин жамандап, кара-пиарды колдонуудан оолак болууга убада беришти. Партиялар ортосунда келишилген бул тартип кайсы бир деңгээлде эл арасында шайлоого болгон ишенимди арттырып, добуш берүү жараянынын таза өтүшүнө жол ачышы мүмкүн.

Анткен менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Тажикстанга келген байкоочулар тобунун төрагасы Питер Айкердин айтымында, өнөктүк айрым жагымсыз көрүнүштөр менен коштолгон учурлар да жок эмеc. Анын пикиринде, жер-жерлерде Шайлоо комиссиялары добуштардын жыйынтыгынын өзгөрүшүнө таасир этиши мүмкүн.

- Шайлоо өнөктүгүнүн алкагында шайлоочулар менен жолугушууларды талапкерлер эле эмес, айрым учурларда, жергиликтүү шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү да уюштуруп жатышкандай. Алардын айрымдары акыйкат өтсө, айрымдарында каталар кетирилип жатат. Мисалы, кээ бир райондордо комиссия өкүлдөрү жолугушууларда сөздү талапкерге гана бербестен, райондук администрациялардын жетекчилерине да ыйгарышууда. Алар болсо адамдарды тигил же бул талапкерге добуш берүүгө чакырган учурлар байкалган.

Питер Айкердин айтымында,айрым жергиликтүү шайлоо комиссиялары ошол аймактын администрация кызматкерлеринен турууда.

Ислам кайра жаралуу партиясынын өкүлү Изатулло Сайдуллаев өкмөттүк “Элдердин демократиялык партиясына” жергиликтүү ырасмий өкүлдөр башка да жардамдарын көрсөтүшүп жаткандай дейт:

- Биз, мисалы, Дүйшөмбү шаарындагы шайлоо комиссиянын төрагасы жана жергиликтүү ырасмий өкүлдөр өнөктүккө өтө катуу кийлигишип жатканын көрүп жатабыз. Ислам кайра жаралуу партиясы, Социалисттик партия жана Тажикстан элдеринин демократиялык партиялары жеңишке жетиш мүмкүнчүлүгү жогору жерлерде шайлоочулар менен жолугушуулар өткөрүлбөйт. Жергиликтүү шайлоо комиссиясынын төрагасы Элдердин демократиялык партиясынан чыккан талапкерлерди өзү ээрчитип алып, шайлоочулар менен жолугушууларга алып барып жүрөт.

Тажикистанда жападан жалгыз көз-карандысыз гезиттин жыл башында салык полициясы тарабынан жабылышы тынчсызданууларды жаратты.

Жакында эле Дүйшөмбү шаарында өткөн маалымат жыйында бул жөнүндө АКШнын Тажикстандагы элчиси Ричард Хогланд мындай оюн билдирген:

- Демократиялык шайлоолор элдин активдүү катышуусун, маалыматка жана ар-тараптуу ойлорго мүмкүнчүлүктүн болушун түшүндүрөт. Биз жакындан бери айрым басылмалардын чыкпай калышына тынчсызданып жатабыз. Жалпысынан, техникалык жактан шайлоого көрүлгөн даярдыктар жакшы болду.

Тажикстан элдеринин демократиялык партиясында канчалаган көп жеңилдиктери болгону менен, ал Намойодгон Мажилисте, же парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында, бардык орундарды ээлеп алышына ишенбегендер да бар.

Тажикстандын коммунисттик партиясынын лидери Шохи Шобдолов “мындай болбойт” дейт:

- Бир партия парламентте бардык орундарды алышы мүмкүн эмес. Тажикстан элдеринин демократиялык партиясы өзүндөгү бүт бийлигин колдонуп, административдик ресурстарын ишке киргизген күндө деле, өлкөдө таасири чоң башка да партиялар бар.

Бул партия азыркы парламенттеги орундардын 20%зын ээлейт, бирок аналитиктер жекшембидеги шайлоодон кийин анын орундары бир кыйла кыскарат деп болжоп жатышат.

XS
SM
MD
LG