Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

Таласта митинг болду


ТАЛАС. Талас шаарынын борбордук аянтына эки миңге жакын адам чогулду. Анда №54 Талас шайлоо округуна депутаттыкка талапкерлер Болот Шерниязов, Эсен Назаралиев, Зоотбек Кудайбергенов, Райымкул уулу Касымбек, №55 Бакайата шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Равшан Жээнбеков чыгып сөз сүйлөштү. Алар депутаттыкка талапкерлер Алтай Бөрүбаев, Шайлоо Үркүнбаевге добуш бергиле деп “Түндүк электрдин” текшерүүчүлөрү ар бир үйгө кирип, беш жүз сомдук чек жазып беребиз деген үгүт жүргүзүп жүргөндүгүн, мындай мйызамсыз жорукту токтотууну талап кылышты. Митингге чакырылган “Түндүк электр” акционердик коомунун Талас облустук бөлмүнүн башчысы Кыркбек Султанов жана облус губернаторунун биринчи орунбасары Канат Нартаев бул мыйзамсыз араккеттерди токтотууга эл алдында убада беришти. Митингде студенттер сөз сүйлөшүп, аларды шайлоого байланыштуу коркутуп-үркүтүп жатышкандыгына нааразычылык айтышты. Үгүт иштериндеги мындай мыйзамсыз аракеттер туурасында беш талапкер президент Аскар Акаевге, өкмөт башчы Николай Танаевге ырасмий билдирүү жөнөтө турган болушту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG