Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

Жалалабаттагы митинг адилеттүүлүктү талап кылды


ЖАЛАЛАБАТ. Митингди «Жаңы Кыргызстан» жана «Эрк» партияларынын облустук бөлүмдөрү уюштуруп, ага беш жүздөй адам катышты. «Өз элин асырабаган бийлик жоголсун», «Аскар Акаев таза шайлоо дегениң кайда?», «Бакиевдерден колуңду тарт!» «2005-жылбы же 1937-жыл кайтып келдиби?», «Асанов, Малиев, Бакиев, Болотбековдорду колдойбуз» деген плакаттарды кармаган адамдар президент Акаевди жана Жалалабад шаар мэри Өмүрбек Шаршеналиевди кызматтан кетүүгө чакырышты. «Эрк» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев Аскар Акаевдин быйыл бийликтен кетүү ою жок деген пикирин айтып, Кыргызстанда быйыл бийликтин тынч жол менен алмаштыруу маселесин көтөрдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG