Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

Танаев талапкерлерди таза күрөшкө чакырды


БИШКЕК. Парламенттик шайлоого байланыштуу болуп жаткан башаламандыктар Кыргызстанга түз инвестициялардын келишине тоскоолдук кылышы мүмкүн. Премьер-министр Николай Танаев бейшембиде өткөн маалымат жыйынында ушундай билдирүү жасады. Премьердин айтымында, Кыргызстанга быйыл инвестиция жылдагыдан 31%га көп келери болжолдонгон. Алардын басымдуу бөлүгү аймактарда жайгашкан ишканаларга багытталган. Тилекке каршы, талапкерлер ич ара араздашып, элди көчөгө алып чыгып, акырында бардык күнөөнү бийликке оодарып жатат. Танаев мырза мындай пикирин Тоң жана Кочкор округдарында болуп жаткан нааразылык акциялары менен байланыштырып, талапкерлерди таза күрөшкө чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG