Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

Бишкектик талапкерлер бийликке нааразы


БИШКЕК. Парламенттик шайлоого байланышкан үгүт иштеринде бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөн жери жок, ырасмий бийлик административдик ресурстарды пайдалануу аркылуу «Алга, Кыргызстан!» партиясы көрсөткөн талапкерлерди сүрөп жатат. Ушундай мазмундагы билдирүүнү 24-февралда Бишкек шаарындагы Университет, Юнусалиев жана Ахунбаев шайлоо округдарынын талапкерлери Кунай Шеримкулов, Оксана Малеваная, Зайнидин Курманов, Токторбек Ашыркул уулу таратышты. Билдирүүдө шайлоочулардын жасалма тизмесин даярдоо, студенттерди жатаканаларга каттоо, ыңгайсыз талапкерлерди маалымат каражаттары аркылуу каралоо фактылары келтирилди. «Акипресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган талапкерлер мыйзам бузууларга президенттик администрациянын алдындагы комиссия да, БШК да маани берген жери жок деп билдиришти. Мындай дооматты ушул эле күнү президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев жокко чыгарып, шайлоо көз карандысыз жана адилет өтүп жатканын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG