Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:23

Тоңдо 2 миңдей адам көчөгө чыкты


КАРАКОЛ. Жетөгүз районундагы Чоңжаргылчак, Барскоон, Тамга, Тосор айылдарындагы жана Тоң районунун Кажысай шаарчасындагы автожолдорду тосушкан 200гө чукул адам менен облустун губернатору Токон Шайлиева жолугушуп, алардын суроо талаптарын укту. Пикетчилер «Биз Арсланбек Малиев менен биргебиз» деген плакаттарды жазышып, бийлик жана сот органдарына Арсланбек Малиевдин талапкерлик укугун кайтарып берүү талабы коюлду. Ал эми Боконбаев айылындагы райондук мамлекеттик бийлик имаратынын алдына чогулган эки миңден ашуун пикетчилер Арсланбек Малиевдин укугу Жогорку сот тарабынан адилеттүү чечилмейинче нааразылык акцияны уланта беришээрин, шайлоого катышпастыгын билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG