Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Бейөкмөт уюмдар Жогорку Сотту сынга алат


«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы Жогорку Соттун 24-февралдагы чечимин сынга алган билдирүү таратты. Билдирүүдө Жогорку Сот Кочкор шайлоо округу боюнча талапкерлер Бейшенбек Болотбеков менен Акылбек Жапаровдун арыздарын кароодо көз карандысыз эркин көрсөтө алган жок жана нукура саясий чечим чыгарды деп айтылат. Жогорку Сот 24-февралда Бейшенбек Болотбеков менен Акылбек Жапаровдун арыздарын карап, Кочкор райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Райондук сот бул эки талапкерге карата мыйзам бузду деген негиздеме менен шайлоого катышуу укугунан ажыраткан. Буга байланыштуу 21-февралдан бери Кочкор районунун борборунда нааразылык акциясы уланууда. Соңку маалыматка караганда, кечээ кечинде акциянын катышуучулары аймактык шайлоо комиссиясынын имаратын ээлеп алышты.

XS
SM
MD
LG