Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

«МСНдин» кеңсесинде жаңжал чыкты


БИШКЕК. 24-февралда 20 чамалаш жаш адам «МСН» гезитинин кеңсесине келип, жаңжал чыгаруу аракетин жасады. Алар көтөргөн плакаттарда гезиттин башкы редактору Александр Кимди, кабарчы Рина Приживойтту жаманаттылап, басмырлаган ар кыл ыплас сөздөр жазылган. Жаштардын кеңсеге кирүү аракеттерине гезиттин коопсуздук кызматы тоскоолдук кылды. Кийинчерээк милиция кызматкерлери жаңжалга катышкандарды Октябрь райондук ички иштер кызматына териштирүү үчүн алып кетишти. Милициянын райондук бөлүм башчысынын орун басары Улан Рысбековдун айтымында, кармалгандарга менчик имаратка бейбаштык менен кирүү фактысы боюнча иш козголот. Бул окуяны гезит редактору Александр Ким мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов баштаган бийлик өкүлдөрүнүн атайын уюштуруп жаткан чагымы жана 18-февралдагы мамлекеттик телеканал чагылдырган «Саясат» аттуу телеберүүнүн уландысы катары баалады. Анын айтымында, мындай тоскоолдуктар «МСН» гезитинин ишмердигин токтото албайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG