Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

ТАЖИК ЖАШТАРЫ ШАЙЛООГО КАЙДЫГЕР


Кубат Оторбаев, Прага 27-февралда Кыргызстандагы сыяктуу эле Тажикстанда дагы парламенттик шайлоо өтөт. Талдоочулар абал 2000-жылдагы шайлоого караганда жакшырганы менен, кемчиликтер дале толтура экенин айтып жатышат. Атап айтканда жаштар бул саясий өнөктүккө өтө эле кайдыгер карары белгиленүүдө.

Тажик жаштарынын өздөрү шайлоо тууралуу маалыматтардын өтө эле аздыгын айтышат. Мисалы, бир студент “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматына берген интервьюсунда мындай деди:

– Мен мамлекеттик университеттин чет тилдер факультетинде окуйм. Менде шайлоо тууралуу маалыматтар өтө эле аз, талапкерлер кимдер экенин да билбейм. Эгер сиз мага окшогон студенттерден сурасаңыз – алар деле шайлоо тууралуу жарытып эч нерсе айта алмак эмес.

Чындыгында шайлоо тууралуу маалыматтар Тажикстанда чектелүү десе болот. Электр кубаты кайра-кайра өчүрүлүп тургандыктан, телевизорду көп деле көрө албайсың. Гезиттер болсо элге жетпейт.

Кошмо Штаттарындагы IFES деп аталган топ өткөн жылы Тажикстанда иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы көргөзгөндөй көпчүлүк элдин саясий өнөктүк тууралуу билгенден билбегени көп. Аталган топтун өкүлү Антуан Боуйердин Дүйшөмбү шаарынан туруп берген интервьюсуна караганда карапайым калктын саясаттан тажап калганы байкалат:

– Биз элге ар кандай өңүттөгү суроолорду берип көрдүк. Элдин көбү, өзгөчө жаштардын маалымат менен камсыз болушу өтө начар абалда. Менимче бул башка мамлекеттерге да, анын ичинде Кошмо Штаттарына да мүнөздүү көрүнүш – элдин саясатка кызыгуусу басаңдап баратат. Алар биздин добуш эч нерсени чечпейт, же болбосо биздин добушту бурмалап коюшат деп, шайлоого анча маани бербей калган.

Башка бир саясий аналитик Рашид Гани болсо жаштардын маалымат менен камсыз болушуна оппозиция көңүл бурбай жатканын айтат.

– Жаштардын шайлоого кызыкпай жатышынын бир себеби балким, буга бийликтен башка саясий күчтөрдүн маани бербей жатканында болушу ыктымал. Анан дагы КМШнын башка мамлекеттери сыяктуу эле Тажикстанда дагы өлкөдөгү баардык өзгөрүүлөр президенттин чечимине байланыштуу. Экинчи орунда парламент турганы менен ал маанилүү маселелерди чече албайт. Ошондон улам эл дагы парламенттик шайлоого президенттик шайлоодогудай кызыкпайт.

Рашид Ганинин пикиринде жаштар мындай утурумдук саясий өнөктүктөргө караганда туруктуу жумуш таап алууну маанилүү деп эсептешет. Башкача айтканда, алар иш издөө менен алек.

Ошентсе да айрым бейөкмөт уюмдар жаштарды саясатка кызыгууга, өз тагдырларын өздөрү чечүүгө үндөп жатышат. Кээ бир жаштар болсо чоң саясаттын маанисин жакшы эле түшүнөт. Мисалы, бул жаш жигит өзүнүн добушун жекшемби күнү чоңдор жаштарга көңүл бурса экен деген үмүт менен урнага таштай турганын айтат:

– Мен өз добушумду биздин мамлекет өнүккөн, алдыңкы демократиялуу өлкө болсо экен деген тилек менен бергени турам. Анан да өкмөт мамлекеттин келечеги болгон жаштар менен балдарды тарбиялап, өстүрүүгө жакшылап көңүл бурса, - дейт тажик жигит.

XS
SM
MD
LG