Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Буш Словакиянын калкына ыраазычылык билдирди


АКШ президенти Жорж Буш Братиславанын борбордук майданында словак элине кайрылуу жасап, аскерий адистерин Иракка жөнөткөнү үчүн Словакияга ыраазычылык билдирди.

- Словакия Ооганстандагы жана Ирактагы эркиндик үчүн чоң жоопкерчиликке барды. Силер өзүңөрдү ишенимдүү дос жана чыныгы союздаш катары көрсөттүңөр. Андыктан мен жакында Словакия сыяктуу террорчулукка каршы согушта Америка менен чогуу турган өлкөлөргө көмөктөшүү максатында Тилектештик демилгесин жарыяладым. Биз эркиндик үчүн күрөшүбүздү жакшыртуу үчүн силердин аскерий күчтөрүңөрдү бекемдөөгө көмөктөшөбүз. Словактардын АКШга катоосун жеңилдетүү үчүн силердин өкмөт менен сүйлөшүүдөбүз.

Жорж Буш Молдовада 6-мартта болчу шайлоого токтолуп, саясый өнөктүк демократиянын сыноосу болот деди:

-10 күн ичинде, эл шайлоого барганда, Молдованын демократиячыл багытын ырастоого мүмкүндүк болот.

Белорус да “кайсы бир күнү демократиячыл өлкө экенине сыймыктанат”деп кошумчалады Буш.

Президент Буш эртең менен Словакиянын президенти Иван Гаспарович жана премьер-министри Микулас Дзуринда менен кездешкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG