Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

БРАТИСЛАВА САММИТИНИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ


Төрөкул Дооров, Прага АКШ менен Орусиянын мамлекет башчылары Жорж Буш жана Владимир Путин бейшембиде Словакиянын баш калаасы Братиславада жолугушту. Үч саатка созулган сүйлөшүүлөрдө алар өзөктүк куралдын таркалышына кантип жол бербөө, Ирандын жана Түндүк Кореянын өзөктүк курал программалары үстүндө жаралган проблемаларды чечүү жаатында ой бөлүштү. Президенттер орус-америка алакаларын жакшыртуу жөнүндө сүйлөштү.

Көптөн күттүргөн саммит эки тараптын тең байкоочулары божомолдогондой эле болду. Тагыраак айтканда, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз көп айтылганы менен натыйжа аз болгондой сезилди.

Эки президент тең Ирандан тарта Түндүк Кореяга чейинки көйгөйлөрдү, сөз эркиндиги, демократия жана биргелешкен экономикалык кызматташтык тууралуу натыйжалуу сүйлөшкөнүн белгиледи. Бирок Буш да, Путин да бул маселелер тууралуу тагыраак эч нерсе айтышкан жок.

АКШ менен Орусия мамилеси жакында эле татаал мезгилди баштан кечирди. Орусиянын бир катар ырасмий өкүлдөрү АКШнын Ирактагы саясатын сынга алып, эми ал Украина менен Грузияга да кулачын жайды дешсе, өз кезегинде, америкалык саясатчылар президент Путинди Орусияда демократиялык өнүгүүгө тоскоол болушу мүмкүн экендигин айтышкан.

Жорж Буш эки тарапта тең айрым маселелер боюнча ар-башка ой-пикирлер сактала берээрин айтып, анткен менен мунун өзү ич-ара жылуу карым-катнашты суутпай тургандыгын, Путин досунун сөздөрүндөгү курчтук эки тараптуу мамилелердин мындан да күчөшүнө жардам берээрин айтты:

- Өткөн төрт жыл бою бизде натыйжалуу, конструктивдүү алака сакталды. Андыктан, алдыдагы төрт жылда да мен биздин мамилелерди ушул багытта сактаганга аракет кылам. Биз ачык-айкын пикир алмаша алдык.

Буштун ишениминде, ракета экпорттоону көзөмөлгө алуу жөнүндөгү келишим боюнча эки тараптын тең туруму бирдей. Алар Түндүк Кореяда да, Ирандын да өзөктүк куралы болбошу керек деп эсептешет.

- Биз Иранда өзөктүк куралы болбош керектигине кошулабыз. Муну Путин түшүнүп кабыл алганы үчүн мен ага өтө ыраазымын. Ортодогу жалпы максаттарга кантип жетишүү керектиги тууралуу биз конструктивдүү маанайда сүйлөшө алдык.

Буштун айтымында, Москва менен Вашингтондун Түндүк Корея боюнча көз карашы окшош.

- Биз Түндүк Кореяда өзөктүк куралы болбошу керек деп эсептейбиз. Бул маселе боюнча биз эки тараптуу да, анан Түндүк Кореяны да ичине алган көп тараптуу да сүйлөшүүлөрдө тыгыз иштешип келатабыз.

Буга чейин Орусиянын Иран менен өзөктүк жааттагы кызматташуусу Вашингтон тарабынан сынга алынган болчу, бирок бул жолу ал тууралуу эч сөз болгон жок.

Сүйлөшүүлөр соңунда өткөн маалымат жыйынында демократия жана сөз эркиндиги темалары үстөмдүк кылды. Путин Орусиядагы демократия коркунучта деген ойлорго кошулбай тургандыгын билдирди:

- Орусия демократияны эч кандай сырткы басымсыз өзү үчүн тандаганына 14 жыл болду. Бул тандоо эч качан өзгөрүлүшү же артка кайтуу деген көрүнүш болушу мүмкүн эмес.

Андан сырткары, Орусияда эми губернаторлор эл тарабынан тандалбай, дайындалат деген ой туура эмес айтылып жаткандыгын билдирди.

- Сиздердин көңүлүңүздөрдү буга бурайын деп турам. Орусияда губернаторлор президент тарабынан дайындалбайт. Алар регионалдык парламентке добуш берүүгө сунушталат. Бул тандоочулардын системасы АКШ да жалпы элдик деңгээлде ийгиликтүү колдонулуп келатат.

Буга чейин Буш словакиялыктар алдында сүйлөгөн сөзүндө постсоветтик мамлекеттердеги демократиянын абалы тууралуу да, Чеченстандагы кырдаал боюнча да эч нерсе айткан жок.

Тараптар Орусиянын Дүйнөлүк Соода уюмуна мүчөлүккө кабыл алынуусу тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү ушул жылы аяктоо боюнча биргелешкен билдирүү жасашты.

XS
SM
MD
LG