Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Жалалабатта шайлоочулардын тизмелери так эмес


ЖАЛАЛАБАТ. Облустун жергиликтүү бийликтери менен айыл өкмөттөрү шайлоочулардын тизмесин даярдоодо кайдыгерлигин көрсөтүштү. Мындай баа берген облустук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, мурда 471 миң шайлоочу аныкталса, 25-февралга карата 495 миң шайлоочу бар экени ачыкка чыкты. Тизмени тактоо иши дале улантылууда. Маселен, №30 Жалалабад шайлоо аймагындагы тоок ферма участкасына өлгөн эки кишиге шайлоого чакыруу кагаз барган. Көпчүлүк аймактарда облуста жок жана көз жумган адамдар тизмеленип калган. Байкоочулардын маалыматы боюнча, ар бир округда шайлоочулардын тизмесинде 3 миңден 5-6 миңге чейин айырма бар. Орусияда жүргөндөрдүн да шайлоо тизмесине кирүүгө укугу бар экенин маалымдаган губернатор Жусупбек Шарипов 27 миң адам тизмеге кошулганын айтты.

XS
SM
MD
LG