Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:20

Тоңдо нааразылык чарасы уланууда


ТОҢ. Бул күнү райондук акимчиликтин алдына эки миңге жакын адам чыкты. №75 Тоң округу боюнча шайлоодон четтетилген Арсланбек Малиевдин талапкерлик укугун коргоочу комитеттин төрайымы Динара Эгембердиева нааразычылык чаранын катышуучуларын коомдук тартипти сактоого чакырды. Пикетчилер Жогорку сот тарабынан булар коюп жаткан маселе акыйкат жана калыс чечилмейинче нааразычылык акциясы улантыла берерин билдиришти. Динара Эгембердиеванын айтымында, эртеңки күндө бул нааразылык чарага катышкандарга бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүшү мүмкүн, ошондуктан алардын укугун коргоп берүүсүн суранып, эл аралык уюмдарга кайрылды. Пикетчилер «Азаттык» радиосунун үнү элге жетпей жаткандыгынын себептери тууралуу маалыматтын ачыкка чыгышын талап кылышты. Ал эми райондук акимчиликтин үч кабатын ээлеп алган үч жүзгө жакын аял Арсланбек Малиевдин талапкерлик укугу акыйкат чечилмейинче, ал имараттан чыкпай тургандыктарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG