Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Талапкерге каршы аялдар пикетке чыкты


БИШКЕК. 25-февралда Бишкектеги №9 Куренкеев округдук комиссиясы жайгашкан аймакта эки аял «Зөөкүргө парламенттен орун жок» деген талап жазылган плакаттарды көтөрүп, нааразылык пикетке чыгышты. Алар аталган округ боюнча депутаттыкка талапкер Мамытбай Салымбековдун шайланышына каршылык көрсөтүп чыгышкандарын, буга «KG рух» деген гезитте «Мамытбай Салымбеков бирөөнү зордуктаганы үчүн түрмөдө отуруп чыккан» деген маалымат түрткү бергендигин аныкташты. Ушул эле күнү талапкер Мамытбай Салымбеков Башкы прокуратурага арыз жолдоп, анда «KG рух» гезитине маалымат берген адамдарды жоопко тартууну талап кылды. Арыз катында Ички иштер министрлиги берген тил кат өзү эч качан сот жообуна тартылбагандыгын далилдээрин билдирип, мындай иштерди жаманатты кылуу аракети деп баалады.

XS
SM
MD
LG