Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Эркин басмакана дале жарыксыз


БИШКЕК. Төрт күндөн бери электр кубатысыз калган Бишкектеги эл аралык көз карандысыз басмаканага 25-февралда да жарык берилген жок. Басмакананын башкы директору Андрей Миасаровдон алынган маалыматка караганда, электр жарыгы боюнча ишкананын эч кандай карызы же башка себептер жок. Андыктан «Чыгыш электр станциялар» ишканасы 23-февралда жарык берүүнү убада кылган. Андрей Миасаров басмаканага жарык берүү маселеси менен президенттик администрация башчысынын биринчи орун басары, көз карандысыз басмакананын көзөмөлдөөчүлөр кеңешинин мүчөсү Болот Жанузаков алектенип жаткандыгын жума күнү кабарлады. Ал эми көз карандысыз гезит ээлери басмаканага жарык атайылап эле, шайлоо алдында эркин гезиттер элге жетпей калышы үчүн жасалып жаткан тоскоолдук катары баалап жатышат.

XS
SM
MD
LG