Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:42

Министр орун басары АКШ элчисин этияттыкка чакырды


БИШКЕК. 24-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков АКШнын элчисинин орун басары Дональд Лу менен жолугушту. Министрдин орун басары АКШнын элчисинин «Азаттык» радиосуна берген маегине токтолуп, анда элчинин «шайлоо мыйзам бузуулар менен өтүп, эл аралык стандартка туура келбесе-ал Кыргызстан менен АКШнын эле эмес, калган дүйнө менен мамилесинин салкындашына алып келиши ыктымал» деген билдирүүсү өкүнүчтү жаратаарын билдирди. Талант Кушчубеков мындан ары Кыргызстандагы ички окуяларга баа берүүдө АКШнын элчисин абайлоого чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG