Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Тоңдуктар бардык талапкерлерге каршы добуш беришмекчи


БИШКЕК. Жогорку Сот 25-февралда №75 Тоң шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Арслан Малиевдин апелляциялык арызын карап, аны талапкерликтен четтеткен Тоң райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Малиевдин адвокаты Сергей Слесаревдин пикиринде, Тоң райондук соту талапкердин көрсөтмөлөрү менен далилдерин териштирбей туруп, чечимди мыйзамсыз кабыл алган, андыктан Жогорку соттун чечими да мыйзамсыз. Ал эми Малиевдин талапкерлигин жактап 21-февралдан бери Каракол-Бишкек жолун бууп жаткан 2 миңге чукул шайлоочу бул күнү да Тоң райондук акимчиликтин алдында митинг өткөрүшүп, Малиевдин талапкерлиги кайра ордуна келтирилишин талап кылышты. Соттун чечиминен кийин Малиевдин штабынан алынган маалыматка караганда, нааразылык чаранын катышуучулары 27-февралда шайлоого барып, бирок бардык талапкерлерге каршы добуш берүү чечимин кабыл алышты. Ал эми Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева акыркы кырдаал жөнүндө эч кандай маалымат бере албасын билдирип, жол жабык болгондуктан Тоң шайлоо округунун аймагына эч ким өтө албай жаткандыгын тастыктады.

XS
SM
MD
LG