Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

Роухани менен Фишер Берлинде жолугушту


БЕРЛИН. Ирандын улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасы Хассан Роухани өлкөнүн ядролук программасы боюнча Европа өлкөлөрү менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдө жылыш жетишиле турганына үмүтүн билдирди:

- Биз ядролук изилдөөлөрдүн майда-чүйдөсүнө чейин талкууладык. Бул сүйлөшүүлөр Иран менен Еврошаркет диалогуна огожо болот.

Бүгүн Хасан Роухани Берлинде Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер менен сүйлөштү. Кечээ ал Парижде Франциянын президенти Жак Ширак менен сүйлөшүп, Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө жаңы жылыштар байкалганын билдирген. Франция, Британия жана Германия "ядролук курал чыгарууга аракеттенип жатат" деп шектелген Иранды уранды байытуудан баш тартууга көндүрүүгө аракеттенип жатышат. Анын ордуна алар Иранга соода жеңилдиктерин убада кылышууда.

XS
SM
MD
LG