Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

ЕККУ тынчсыздануусун билдирди


БИШКЕК. 25-февралда Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгү Кыргызстандагы бир катар маалымат каражаттарынын айланасында түзүлгөн кырдаал олуттуу тынчсызданууну жаратканын билдирди. ЕККУнун өкүлчүлүгү буга негиз берген окуя катары «Азаттык» радиосунун ультра кыска жана FM жыштыктан өчүрүлүшүн жана көз карандысыз басмаканага электр энергиясынын берилбей калышын атаган. «БШК, ПРООН жана ЕККУнун ачык жана таза шайлоону өткөрүү үчүн буга чейин жасаган көптөгөн иштери добуш берүүгө бир нече күн калганда мына ушундай терс окуялар менен коштолгону кейиштүү» деп билдирген жума күнү ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Маркус Мюллер.

XS
SM
MD
LG