Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

«Атажурт» кыймылы билдирүү таратты


БИШКЕК. Оппозициялык маанайдагы талапкерлерге үйбүлөлүк төрт телеканал эмес, мамлекеттик телеканалдан чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилген жок, ал эми бийлик шайлоодо административдик каражатты ченемсиз пайдаланууда. Мындай билдирүүнү 25-февралда «Атажурт» коомдук-саясий кыймылы таратты. Анда көз карандысыз «МСН» гезити куугунтукталып, «Республика» гезити жабылуу алдында калды. Эркин маалымат каражаттары басылган басмакананын ишмердүүлүгү үзгүлтүккө учуратылып, эч кандай сын көтөрбөгөн шылтоолор менен 24-февралдан тарта «Азаттык» радиосу мурда чыгып келген жыштыгынан ажыратылды деп жазылган. Билдирүүдө айтылганга караганда, соттор бийлик үчүн ыңгайсыз талапкерлерди шайлоодон четтетти. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы элчилерди шайлоого катыштыруудан баш тартты. «Атажурт» кыймылы бул билдирүүсүндө шайлоочуларды шайлоого активдүү катышууга жана элге ак эмгек кыла турган талапкерлерге добуш берүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG