Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

27-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Гидрометеорология борборунун билдирүүсү боюнча, 27-февралда Кыргызстанда күндүз мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн –2...-7 градус суук, күндүз +4...+9 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн –3...-8 градус суук, күндүз +2...+7 градуска жылуу болот.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +4...+9 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –3...-8 градус суук, күндүз +2...+7 градуска жылыйт.
НАРЫН облусунда түнкүсүн –10...-15, күндүз 0...-5 градус суук.
БИШКЕК шаарында ала булут каптап турат, кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн –3...-5 градус суук, күндүз +6...+8 градус жылуу.
Күндүн узактыгы 11 саат 04 мүнөт.

Кабарларды Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты

Редактор Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG