Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

“Азаттык” уктурулбай калганына үч күн болду


БИШКЕК. “Азаттык” радиосунун кыргыз өкмөтү тарабынан толкундан алынып салынышы Кыргызстандагы сөз эркиндигине кысым көрсөтүп, өлкөдө авторитардык режимди сактап калуу аракетин көздөйт. Эгерде бийлик аталган радиого жана башка массалык маалымат кызматтарына репрессиялык аракеттерин токтотпосо мыйзам чегинде жана мыйзамсыз чараларга барууга даярбыз”. Мындай билдирүүнү 26-февралда Аксы районунун тургундары таратты. Ал эми “Жарандык коом коррупцияга каршы” жана “Кылым шамы” бейөкмөт уюмдары 25-февралда Кыргызстандагы 51 бейөкмөт уюмдарынын катышуусу менен “Азаттыкты коргоо- Кыргызстандын атуулдарын жана сөз эркиндигин коргоо” деген улуттук жана эл аралык кампания башталганын жарыялашты. Республикалык радиорелей магистралынын телевидение жана радио өндүрүшү ишканасынын директору Кубанычбек Бегалиев “Азаттыктын” радиотолкундан алынышына өз жүйөсүн билдирди. Анын айтымында, Чет элдик радиоуктуруулар боюнча бюро убагында эскертпей, бул маселеге бюрократтык мамиле кылгандыгына байланыштуу эки тараптуу келишимдин мөөнөтү бүтүп калган.Кубанычбек Бегалиевдин пикиринде, өндүрүштүк ишти саясий оюнга айландырууга негиз жок. Бирок эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдар, айрым саясий партиялар “Азаттык” радиосунун уктурулбай калышын кыргыз бийлигинин эркин массалык маалымат каражаттарына саясий кысым көрсөтүшү катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG