Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Талапкерлердин үгүт иштери токтотулду


БИШКЕК. Шайлоо кодексинин 31-беренесине ылайык, 26-февралда өлкө аймагында Жогорку Кеңешке шайлоого байланыштуу үгүт иштери токтотулду. Ал эми басылмадан чыккан жана имараттан тышкары илинген үгүт иштерине байланыштуу материалдар шайлоо күнү калыбында тура берет. Бул тууралуу шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 26-февралда Чүй облусунун Аксуу шайлоо округунан Эркинбек Алыбаев Жогорку Соттун чечими менен шайлоодон четтетилди. Ал эми ушул эле күнү Бишкектин Гагарин шайлоо округунан Абдраим Кулбаевдин үстүнөн жазылган доо арыз Жогорку Сотто каралып, Кулбаев да шайлоодон четтетилди. Анын 700 ашуун шайлоочусу Акөргөө жаңы конушунда митингге чыгышып, шайлоо күнү Гагарин шайлоо округундагы баардык талапкерлерге каршы добуш беришээрин билдиришти.
26-февралда БШК билдиргенге караганда, парламенттик шайлоодо 388 талапкер ат салышат.

XS
SM
MD
LG