БИШКЕК. Ысыккөл облусунун №75 Тоң аймактык шайлоо окуругунда Жогорку Кеңешке шайлоо 2005-жылдын 13-мартына жылдырылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 26-февралда токтом кабыл алды. Буга №75 Тоң шайлоо округундагы шайлоо участкаларынын даяр эместиги жана аталган райондо Балыкчы-Каракол автожолун тосуп алган нааразылык чараларына байланыштуу Тоң округдук шайлоо комиссиясынын чечими негиз болгон. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.